Суроо-талаптын азайышынан улам "Apple" компаниясы iPhone XR телефондорун чыгарууну азайтты

"Apple" компаниясы iPhone XR телефондорун чыгарууну азайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, компаниянын мындай кадамга баруусуна жаңы телефондорго болгон суроо-талаптын азаюусу себеп болгон. Мисалы, тайвандык Foxconn компаниясы аталган моделдерди чогултуу үчүн 60 түйүн ачууну пландап жаткан болсо, иш жүзүндө 45 гана телефон чогултуучу түйүн ача алган. Тактап айтканда, мурда күнүнө 400 миң даана телефон чогултулса, бул көрсөткүч 100 миңге чейин төмөндөгөн. Ушундай эле көрүнүшкө япониялык Pegatron компаниясы дагы туш болгон. iPhone XR`ге болгон суроо талап азайгандыктан компания жумушчуларынын санын да кыскартууга аргасыз болгон.

Муну менен катар "Apple" компаниясы iPhone 8 жана iPhone 8 plus моделдерин чыгаруунун санын көбөйтүп, 20 миллион даана iPhone 8`дин ордуна 25 миллион даана чыгарылган.

iPhone XR телефону 2018-жылы чыккан моделдердин эң арзаны болуп эсептелет. Анын Кыргыз жергесиндеги баасы Apple компаниясынын өлкөдөгү расмий дүкөнүнүн маалыматына ылайык 66 миң сомдон башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан