5-ноябрда өлкөдө Патрулдук милицияны кайра түзүү идеясы жаралганы белгилүү болду. Бул кызмат өз тарыхында, айрыкча акыркы 25 жыл ичинде түрдүү аталыштарга ээ болгон. Улуу муундагы жарандар аны дале МАИ деп атап келишет. Өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыздоочу мекеменин аталыштарын эстеп көрүүнү назарыңыздарга сунуштайбыз.
Унаалар тарыхы. Кыскача
1885-жылы ичинен күймө кыймылдаткычы бар алгачкы автоунаа ойлоп табылган. Анын түрлөрү жана саны көбөйүп, XIX кылымдын соңунда жол эрежелерин түзүү зарылчылыгы жаралган. Унаа кыймылын жөнгө сала турган кызмат да ошол мезгилде пайда болгон.
Кыргыз жергесине биринчи автоунаа 1912-жылы келген, ошол эле жылы мотоциклдер өлкө аймагында жүрө баштаган, андан соң жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалар каттап калган. 1920-1930-жылдары унааларды көзөмөлдөө милдети СССРдин Бириктирилген мамлекеттик саясий башкармалыгынын, андан кийин милициянын административдик бөлүмүнүн моюнунда болгон. Унаалар 1935-жылдан тарта республиканын турмушуна терең кирип, Мамлекеттик автоунаа инспекциясы (МАИ) түзүлгөн. Бышында анда 12 инспектор иштеген, кийин унаалардын көбөйгөнүнө жана мезгилдин талабына жараша алардын саны өсүп турган.
Советтик доор менен коштошуу
Советтер Союзу доорунда жол коопсуздугун камсыздаган кызматтын аталышы эч өзгөргөн эмес. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алгандан кийин бул органдын аты ар кандай болуп өзгөртүлүп, бүгүнкү күнгө чейин бул иш жүрүп жатат.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автоунаа инспекциясы түзүлгөн. Өкмөттүн тиешелүү токтомунда МАИнин негизги функциялары жана милдеттери белгиленген.
2009-жылы Мамлекеттик автоунаа инспекциясы Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы деп өзгөртүлгөн. Бул кызматка унаа кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөл, күзөтүү жана уруксат берүү функциялары берилген.
2012-жылы Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы Жол-кайгуул кызматы деп атала баштаган.
2016-жылы Жол-кайгуул кызматы менен Патрулдук-посттук кызматы бириктирилип, Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы түзүлгөн. "Дүйнө жүзүндө террорчулук коркунучу жогорулап жатат, мындан улам коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жогорулатуу керек. Ошентип коомдук жайларда жана жолдордо тартипти көзөмөлдөгөн кызматтарды күчөтүү максатында бул жаңы органды түзүү зарылчылыгы пайда болду", - деп түшүндүрүшкөн ИИМден.
2017-жылы Патрулдук милициянын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы түзүлгөн.
2018-жылы өлкөдө кайрадан Патрулдук милицияны түзүү идеясы жаралды. Ал үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Кайгуул-күзөт бөлүмдөрү бириктирилет. Жаңы Патрулдук милиция 2020-жылы иштеп баштай турганы күтүлүүдө.