Япония менен боло турган жолдоштук беттешке Антон Землянухин, Азамат Байматов жана Мирлан Мурзаевдер катыша албай турган болду

Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары Антон Землянухин, Азамат Байматов жана Мирлан Мурзаевдер Япония менен боло турган жолдоштук беттешке катыша албай турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова кабарлады.

Анын айтымында, буга үч оюнчу тең мурунку оюндарда алган жаракаттары себеп болду.

"Башкы машыктыруучунун чечими менен Антон Землянухин Япония менен өтүүчү жолдоштук беттешке чакырылган жок. Александр Крестининдин мындай чечими футболчунун алган жаракаты айыгып, машыгууларды жаңы гана баштаганына байланыштуу болду. Мындай учурда оюнчу жаңы жаракат алып калуу ыктымалдуулугу жогору болот.

Мындан сырткары, команданын капитаны Азамат Байматов жана чабуулчу Мирлан Мурзаевдер жаракатынан айыга элек болгону үчүн Японияга каршы ойнобойт",- деди Угрюмова.

Белгилей кетсек, футбол боюнча кыргыз футболчулары менен Япония курамасынын жолдоштук беттеши 20-ноябрда Японияда өтөт. Башкы машыктыруучу бул беттешке катышуу үчүн улуттук курамга 23 футболчуну чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-11-07 17:40:38
За то Бекжан Сагынбаев бар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан