Монголияда тигилген дүйнөдөгү эң чоң боз үй "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, боз үй жергиликтүү "Сэлнэн" компаниясы тарабынан тигилген. Ал Ханги-Мандал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде жайгашкан. Анын аянты 1 миң чарчы метрге чейин жетип, ичине 500дөн ашуун адамды батыра алат. Бийиктиги 14 метрге жетет. Бул боз үйдүн өзгөчөлүгү андагы байыркы монгол боз үйүнүн элементтери сакталгандыгында. Чоң көлөмүнө карабастан боз үйдү илгерки боз үйлөрдөй эле 4 бакан тиреп турат. Боз үй туристтерди тартуу үчүн колдонулат.