АКШ Конгрессине алгачкы жолу 2 мусулман аял шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Конгресстин Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан өткөн Рашида Тлейб АКШ Конгрессинин тарыхында шайланган алгачкы мусулман аялдар.
Илхан Омар 35 жашта, Африкада төрөлгөн. АКШга кичинекей чагында качкын катары келген, 2016-жылы Миннесота штатынын парламентине шайланган. Ал эми 42 жаштагы Рашида Тлейб АКШда туулуп, өскөн, кесиби адвокат. Ал 2008-жылы эле Мичиган штатынын парламентине өтүп, АКШнын тарыхында штаттын мыйзам чыгаруучу жыйынына шайланган экинчи мусулман аял болгон.
Ошондой эле демократиялык партиянын өкүлү 29 жаштагы Александрия Оказио-Кортес Конгресске шайланган эң жаш айым болду.