7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова төмөнкүдөй жооп берди.
"Башында жаңы бийлик элдин көбүрөөк колдоосуна жана туруктуулукка муктаж болгондо, укук коргоо уюмдары жана массалык маалымат каражаттары менен мамиле түзүүгө аракеттенет. Мындай мезгил 2 жылдай созулат. Бирок кийин президенттер ар кызматка өз адамдарын дайындайт, бийлигин бекемдейт, андан соң сөз эркиндигине кысым кылып баштайт. Президент Атамбаев дагы ушундай кылган. Бийликке жаңы келгенде ал жарандык коом менен мамиле түзүп, “жарым жыл мени катуу сынга албагалачы” деп суранган. Бакиев дагы жаңы президент болгондо, оппозиционерлер жана укук коргоочулар менен жолугушууларын КТРК аркылуу түз эфирде баарын ачык көрсөткөн. Акаев реформатор, демократ болуп келген. Бардыгы жакшы иш жасап келет, бирок бир нече убактан кийин айткан убадаларын унутат.
Биз азыр Жээнбеков мындай абалга жеткен учурга жете элекпиз, бирок сот системинде өзгөрүүлөрдү көрө элекмин. Сот бийлиги натыйжалуу иштесе, сөз эркиндиги жана адам укуктары корголот. Сот бийлиги саясатташып начар иштесе, баш ийген абалда болсо, саясий тапшырмаларды аткарса, анда эч кандай эркиндик болбойт жана коррупция менен күрөшүү жүрбөйт. Соттук системде кыйраткан өзгөрүүлөрдү көрбөй жатам. Көптөгөн тартип бузуулар менен кабыл алынган адилетсиз чечимдер кайра каралбай жатат. Азыркы бийликтин саясий атаандаштарынын процессуалдык укуктары корголбой жатат", - деди Жакупова.
Журналисттер Турат Акимов, Үсөн Касыбеков, Нарын Айып жана Султан Каназаровдун пикири бул шилтемеде.