7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген соболуна журналист Султан Каназаров төмөнкүдөй жооп берди.
Ал ар бир президент башкаруусунун акыркы мезгилинде журналисттерге карата туура эмес мамиле жасай баштаганын айтты.
"Журналистика үчүн татаал мезгил Аскар Акаевдин башкаруусунун акыркы мезгилинде, тагырагы, 2000-2005-жылдары болду. Ошол кезде Замира Сыдыкова деген журналист соттолуп, Нарын Айып кыйын абалга туш болгон. Бир топ журналисттер катуу кысымга калган. Курманбек Бакиевдин мезгили да татаал болду. Айрыкча 2007-2010-жылдары жалпыга маалымдоо каражаттары жабылып, оор учур болгон. Кийин Алмазбек Атамбаевдин акыркы жылдары журналисттер үчүн оор болду. Ал журналист жазган эмгекке эмес, анын өзүнө асылып, сындай баштаган эле. Негизи эле кете турган бийликтин чыдамы азайып, сөздү көтөрө албай калат окшойт”, - деди Каназаров.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова, журналисттер Турат Акимов, Үсөн Касыбеков, Нарын Айыптын пикири бул шилтемеде.