7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген соболуна журналист Үсөн Касыбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Анын пикиринде, чындык үчүн күрөш болгон жерде сөз эркиндигин коргоо улана берет. “Мен бардык президенттердин тушунда журналист болуп эмгектендим. Жалпы жонунан алганда, өлкөдө сөз эркиндиги бар. Бирок бардык президенттердин тушунда сөз эркиндигине карата кысым болуп келген. Бир катар журналисттер куугунтуктоолорго кабылышкан. Өзгөчө Курманбек Бакиевдин убагында сөз эркиндигине карата кысым катуу болгон. Роза Отунбаева болсо бир жыл иштеп, сөз эркиндигин кысымга алууга жетишкен жок. Атамбаев деле бир катар журналисттерди сотко берген.
Бирок чындык үчүн күрөш токтобогондой эле, сөз эркиндигине болгон күрөш да кандай шарт болсо улана берет. Ошол эле маалда сөз эркиндигине журналисттер өздөрү да сөз тийгизип алган учурлар болот. Айрым журналисттер кимдир бирөөгө кошомат кылган же кимдир бирөөнү атайын каралаган маалымат таратканы үчүн куугунтукка кабылат. Бүгүнкү күндө сөз эркиндигинин абалы жакшы эле. Мындан кийинки абал кандай болору белгисиз”, - деди Касыбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова, журналисттер Султан Каназаров, Турат Акимов, Нарын Айыптын пикири бул шилтемеде.