7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген соболуна журналист Турат Акимов төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, сөз эркиндиги Кыргыз мамлекетинде терең болбосо да үстүртөдөн колдонулуп келет.
“Аскар Акаевдин тушунда, тагыраагы, 2000-жылга чейин сөз эркиндигинде маселе жаралган жок, баары өз орду менен болуп келди. Ал өзү жарандык коом менен иштешип, сөз эркиндигинде эч кандай кысым, бут тосуу болгон жок. 2000-жылдан кийин саясатта Феликс Кулов чыкты, Бекназаровго байланышкан Аксы окуясы болду. Саясаттагы өзгөрүүлөр сөз эркиндигине таасир этти, цензура кирди.
2005-жылы Курманбек Бакиев президенттикке келди, бул адам деле сөз эркиндигине ачык бут тосуу кылган жок. Анын баласы Максим Бакиев бир топ иштерди жасады, атайын катчылык түзүп, бул тармакты катуу көзөмөлдөдү. Айта кетсек, "Вечерний Бишкек" басылмасын тартып алуулар, азыркы "5-каналды" талашуулар болду.
Роза Отунбаева бийликте кыска убакытка болду. Бул адам өзү бейөкмөт уюмдар менен аябай жакын иштешти, жоопкерчиликтен качуу максатында ар бир мекемеге коомдук кеңештерди түзүп салды.
Алмазбек Атамбаевдин тушундагы сөз эркиндигин айта турган болсок, ал журналисттер менен ачык эле эрегишүүгө өтүп алды. Ар бир жерде сүйлөгөнүндө аларды айыптоого өттү. Аны уккан алдындагылар ушундай иштеш керек турбайбы деп, аларды кысып баштады.
Сөз эркиндигине болгон мамиле кайсы мезгилде калыс болду дегенде Акаевдин баштапкы башкаруу жылдарын белгилесек болот.
Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги, журналистика болбосо, өлкө Кокон хандыгына айланып кетет. Өлкө, бийлик бир адамдын колуна өтүп кетет. Бейөкмөт уюмдар деле сөз эркиндиги менен аягына чейин күрөшө албайт. Алар сырттан каржылангандыктан, ал каражаттарынан салык төлөтүп койсо, алар деле кача баштайт. Бүгүн журналистика - өлкөдөгү калыстык үчүн күрөшө ала турган бирден бир орган. Биз сөз эркиндиги дегендин өзүн терең түшүнүп алышыбыз керек. Баарын жаза берсе, сөз эркиндиги болбойт. Саясий өлчөм, саясатта гана сөз эркиндиги жөнүндө маселе жаралат. Бизде сөз эркиндиги тууралуу да норма калыптанган эмес, мактап жаза берсең, баары өз орду менен кетет, чындыкты жазсаң, тоскоолдуктар болот. Жакшыны көрө албайт, начар адам деп отуруп коомдон сени сүрүп чыгарууга аракет кылышат. Муну мен өз тажрыйбамдан көргөн адам катары айтып жатам.
Учурдагы абалды айтсак, "Апрель" каналынан башка сын айткан эч ким жок. Баары эле үстүртөн иштөөдө. Негизи эле Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги терең эмес, үстүртөдөн иш алып барабыз”, - деди Акимов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова, журналисттер Султан Каназаров, Үсөн Касыбеков, Нарын Айыптын пикири бул шилтемеде.