7-ноябрь - Кыргыз Республикасында Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү коомдо Кыргыз журналистикасынын абалы, сөз эркиндиги, журналисттердин укуктары маселеси талкууланат. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн алгандан бери сөз эркиндиги ар бир президенттин тушунда ар кандай сыноолорго кабылган.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндиги кайсы президенттин тушунда эркин болду?" деген соболуна журналист Нарын Айып төмөнкүдөй жооп берди.
Анын пикиринде, мурунку президенттердин ичинен сөз эркиндигине карата болуп көрбөгөндөй катуу кысым Курманбек Бакиевдин тушунда болгон.
“Аскар Акаев президент болуп турган биринчи жылдары же 1993-жылга чейин Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги бар болчу. Ошол убакта жаңы гезиттер чыгып жаткан. Сөз эркиндигине болгон кысым 1993-жылы “Свободные горы” гезитинин жабылышы менен башталган. Анда аталган гезитке Аскар Акаевге карата сын макала жарыяланган. Эң кызыгы, “Свободные горы” Жогорку Кеңешке караштуу болчу, ага карабай Жогорку Кеңеш гезитти коргой алган эмес. Андан кийин Чынара Жакыпова “Политика” деген гезитти ачкан. Бирок аны ошол кездеги юстиция министри болуп турган Мукар Чолпонбаев өзү буйрук чыгарып эле жаап салган. Ага удаа “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага карата иш козголуп, сот аны журналистика менен алектенүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Ага карабай Сыдыкова ишин уланта бергенде мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов аны кайра сотко берип, сот залынан Сыдыкованын колуна кишен салынып, камакка алынган. Кийинки кезек “Асаба” гезитине жеткен. Ошентип сөз эркиндигине карата кысым улана берген.
Курманбек Бакиевдин жылдарында сөз эркиндигине карата катуу кысым болгон. Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп салышкан, ал эми Григорий Михайловду өлкөдөн кууп чыгарышкан. Мындан башка көптөгөн журналисттерге куугунтуктоолор болуп турган.
Роза Отунбаеванын учурунда сөз эркиндигине карата кысым болгон жок. Алмазбек Атамбаев бийликке келген биринчи жылдары “мына азыр эч ким өлтүрүлгөн жок, баары жакшы” деп кыйкырып турган. Бирок анын бул айткандары алдамчылык болгон. Атамбаев деле мурдагы президенттердин жолуна түшүп, журналисттерге миллиондогон сомдук айып пулдарды салып, бир катар журналисттердин үйүн да тартып алам дегенге чейин барды.
Азыркы президент сөз эркиндигине карата эч кандай кысым көрсөтө элек. Мындан ары кандай болорун эми көрөбүз. Бийликтин сөз эркиндигине карата кысымы чиновниктер аралашкан коррупциялык иштердин ачыкталып кетпешине байланыштуу”, - деди Нарын Айып.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова, журналисттер Турат Акимов, Үсөн Касыбеков, Султан Каназаровдун пикири бул шилтемеде.