Москвада поезд сүзүп каза болгон 21 жаштагы жаран унаа токтотуучу жайда иштеп жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
"Каза болгон жарандын туугандары табылган. Анын кайда иштегендиги жана башка маалыматтар такталып жатат. Учурда милицияда мекенге жөнөтүү үчүн уруксат кагазын даярдап жатабыз. Маркум поездге кийиминен илинип калып, аны поезд сүйрөп барып токтогон", - деди Улан Кошматов.
Эске салсак, 5-ноябрь күнү Москва шаарында Кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болгону айтылган.