Келечекте жарык көрүүчү Nokia 9 смартфонунун сүрөтү интернетке тарады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жарык көрчү смартфондун сүрөтүн жана видеосун расмий тараптар эмес, буга чейин да ушундай маалыматтарды таратып келген Стив Хеммерстоффер жарыялаган.
"Жарыяланган сүрөттөрдө смартфондун 5 объективдүү негизги камерасы так көрүнгөн. Nokia 9 смартфону светодиоддук вспышкага жана лазердик автофокуска ээ. Аталган объективдер кандай колдонулары азыркыга чейин белгисиз. Ошондой эле смартфондо кулакчын (наушник) сайган жери жок, демек, телефонду сууга түшүрүп алуудан коркпой эле койсо болот", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары Nokia 9 8 ядролуу Snapdragon 845 процессоруна жана 8 ГБ оперативдүү эс тутумга ээ болот. Аталган смартфон коомчулукка расмий түрдө качан көрсөтүлөрү азыркыга чейин белгисиз.