Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп 11-ноябрда Францияда жолугушат. Бул тууралуу АКШнын президенти маалымат жыйын учурунда айтканын басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, эки лидердин кеңейтилген форматтагы жолугушуусу 30-ноябрь-1-декабрда Аргентина өтчү G20 саммитинин алкагында орун алат.
"Трамп Франциядагы иш-чарада адам көп болуп, Путин менен кеңири сүйлөшүүгө шарт болбой турганын айтты. Мындан улам ал Аргентинадагы саммитте сүйлөшүү өткөрүү пландалганын билдирди", - деп жазышат басылмалар.
11-ноябрда Франциянын борбору Париж шаарында Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага Путин, Трамп сыяктуу бир нече мамлекет башчылары чакырылган.
Акыркы жолу Трамп менен Путин ушул жылдын 16-июлунда Финляндиянын Хельсинки шаарында жолугушкан.