Тажикстанда абакта чуу чыгып бир нече кылмышкер октон каза болуп, айрымдары качып кеткени айтылууда

Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан абакта чуу чыгып, бир нече кылмышкер октон каза болуп жана айрымдары качып кетти. Тажикстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя 8-ноябрга караган түнү орун алган. Анда чуу чыгарган кылмышкерлерди тартипке келтирүү үчүн абак жайга тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тартылып, ок чыгарышкан. Жыйынтыгында бир нече кылмышкер каза болсо, айрымдары качып кетүүгө үлгүргөн.

Учурда шаар ичиндеги, Өзбекстан жана Кыргыз жерине кетчү унаа жолдор тиешелүү кызматтар тарабынан күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатканы да жазылууда.

Хожент шаарынын түзөтүү мекемелеринин башкармалыгы окуя болгонун четке кагып, бирок коркунуч сигналы берилгенден кийин тиешелүү мекемелер абакка тартылганын тастыктаган.

Анда оор кылмыштарга, терроризм, экстремизм боюнча айыпталып эркинен ажыратылгандар кармалып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jango
2018-11-08 12:52:06
Бизде да лейлектеги чек араларды кучотулгон тартипке киргизгиле
+4
bek_tash
2018-11-08 13:25:40
Jango, биздин чек-арачыларга 200сом берсе деле өткөрүп коё берет (танкалары менен да)
+3
rustin13
2018-11-08 13:27:20
Лейлек чек арасыны кучотулгон тартипте жабыш эн кыйын маселе даже невозможно
+1
Shakek
2018-11-08 15:10:13
Кыргызстанга отом десе Шадиев кечип откон сууну кечип отуп кетет.Ал дарыяны чек арачылар кайтарбайт го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан