Москва шаарында поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы Кыргыз жараны үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
"Каза болгон жарандын атасы кайтыш болуп калган экен. Апасы, эжелери болуп, Москва шаарына иштегени келишиптир. 5-ноябрь күнү жумуштан кеч чыгып, үйүнө бара жатып, темир жолдон өтүүчү жерден өтүп баратканда поезд сүйрөп кеткен. Учурда маркумдун сөөгү Москвадагы өлүк сактоочу жайлардын биринде турат. Анын жакындарынын сөөктү алып кетүүгө шарты жок болгондуктан, Москва шаарындагы Кыргыз коомчулугунан жардам берүүнү суранабыз", - деди Кошматов.
Эске салсак, 5-ноябрь күнү Москва шаарында Кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болгону айтылган.
Ошондой эле каза болгон жарандын унаа токтотуучу жайда иштегени белгилүү болгон.