Дональд Трамп Крымдын Орусияга кошулуп кетишине Барак Обаманы күнөөлөдү

АКШнын президенти Дональд Трамп Крымдын Орусиянын курамына кошулуп кетишине Барак Обаманы себепчи катары көрсөтүүдө. Ал аталган пикирин маалымат жыйын учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Трамп "Украинанын чоң бөлүгүнүн Орусияга кошулуп кетишине Барак Обама мүмкүнчүлүк берген" деген.

"Ал учурда Обаманын режими болчу. Муну ал жасады" деген Трамп.

АКШ лидери буга чейин да "Обама Крымды колдон чыгарган" деп айыптап, анын башкаруу мезгилиндеги айрым кадамдарын сындап келген. Крымда 2014-жылы референдум өтүп, жыйынтыгында аталган аймак Орусиянын курамына кирген. Украина бийлиги Орусияны агрессор атап, Крымды тартып алганын, Донбасстагы согушчандарды курал жактан колдоп, аймакка аскер күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтып, айыптап келет.

Барак Обама 2009-2017-жылдары АКШнын президенти болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-11-08 12:46:07
Крымдын эли оздору паспорт алышып кошулуп алышкан!Любой Крымдык хахолдон сурасан озубуз кошулдук дешет!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан