Ылай басып, жардамга муктаж адамдар менен жолуккан Улукбек Кочкоров. Жаңы министрдин калк аралаган сүрөттөрү талкууга алынууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алып жаткандагы сүрөтү интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланууда. Бул сүрөттөрдүн качан, кайсы жерде тартылганын тактоо максатында байланышканыбызда, Кочкоровдун жардамчысы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Интернетке тараган сүрөт Бишкек шаарынын сыртында жайгашкан Алтын-Казык жаңы конушунда тартылды. Министр аталган конушта жашап жаткан жардамга муктаж үй-бүлөлөр менен жолугушуп, жөлөк пул тууралуу маселелерин укту. Учурда Кочкоров Келечек конушунда эл менен жолугушуп жатат. Алдыда Бишкектин 4 районунда жашаган социалдык жактан аз камсыздалган жарандардан кабар алабыз. Бүгүн бизде жумуш күнү эмес болчу. Бирок элди кыдырууну улантып жатабыз", - деди ал.

Улукбек Кочкоров аталган мекеменин жетекчилигине 25-октябрда дайындалган.

Буга чейин мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең кызматтан кеткени белгилүү болгон. Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен кызматын тапшырган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
ma2as
2018-11-08 15:46:24
Азаматсын . Басканын менен билинип турат- кенири басып , - жер тамдап , секирип , буттун учу менен баспай . Элдин баласы деген ушуго , кокко чыгып кетсе да -жонокой болуп жургон .
+23
Samat777
2018-11-08 22:52:05
ma2as, ээ койгулачы тим эле тоону томкоруп ийгендей мактабай
-11
Ayka1994
2018-11-08 16:05:37
Мынаке башка министрлерде сизге окшоп ушундай маселелердин үстүндө тайманбасса КР тез өнүгөт. Тилеке каршы кээ бир минстрлеиибиз той аштын гана үстүндө тайманбай жүрүшөт. Улук мырза мындан да жигердүү маселелерди жеринен чечип эл алкышын ала бериңиз!
+19
Fanatic
2018-11-08 16:06:02
муктаж адамдарды аралап кабар алыш бул жакшы нерсе, бирок ошолорго жардам корсотсо анданда жакшы болот. Эмнеси юолсо да иштегилечи Садыр Жапаровду турмодон чыгарбайсынарбы
+11
Pandora
2018-11-08 16:06:59
Самый главный результат!
+8
Bars88
2018-11-08 16:07:15
Мурдагы министр анын жардамчылары жаны конуштардын бироосун дагы корбой кетишти да.Америка европаны кыдырып ойлорунда иштеп атышкан да
+11
Mamiev
2018-11-08 16:14:12
Кыдырып ылай кечип көйгөйлөрдү угуп жок болуп кетпей жардам бериңиз эми министр мырза. Ишинизге ийгилик каалайм
+14
pat12
2018-11-08 16:23:42
Бир эле ылай кечип койсо эле маселе чечилбейт. Эн биринчи коррупция менен курош. Анан жыйынтык болот.
-13
Salaf
2018-11-08 16:30:55
pat12, Туура айттыңар, бир эки үйгө барып эле ылай кечип, 3 сүрөт жүктөп кою менен маселе чечилбейт, биринчи татыктуу реформа жасап, экинчи министрике келген миллиондогон доллар гранттарды туура жактарга колодонуп, үчүнчү коррупцияны жойуп, төртүнчү министрликтин курамын дос-туугандан арылтса ошондо баракелде десе болот, азыр бираз эртереек Улук мырзага баракелде деп айтыш)).
-2
Alia82
2018-11-08 17:33:44
Salaf,баракелде деп аванс берип тураберели анан резултат көрсөтсө аззамат деп калганын кошуп беребиз, болбосо баракелдени кайтып алабыз
-5
salimbek87.kg
2018-11-08 16:28:11
Келечектеги президент десек да болот буйруса
+14
Benazir08
2018-11-08 20:23:33
Бишкекте толтура мындай уйлор ага караганда Ошто жокко эсе. Оштуктар же намыскойбу уй салабы скромный кылып салышат. Бишкекте квартирага берген уйлор да ото начар экен
+6
Samat777
2018-11-08 21:37:57
Ушинтип эл аралап койсо эле укмуш кыйын иштейт экен деп жатып калабыз.Эн башкысы жыйынтык болушу керек. Бирок бул деле кыйратпайт коросунор туугандар
-8
tynara81
2018-11-09 10:22:28
Samat777,эмнеге кыйратпайт деп дароо эле көзү ачык боло бересиңер. Балким кыйрататтыр, үмүт кылбайлыбы жакшылыктан. Ким ушинтип эл аралады эле. Сапар Исаков бир үйгө бут кийими менен кирип барганда эле көрсөткөн ким экендигин. Жакшы ишти жакшы деп турбайлыбы..
+3
Adi.Avazbekov
2018-11-08 22:26:30
Эмнеге мунчалык ичинер тар адамсынар. Кайсыл министрин ушунтип журду эл аралап дем алыш кундору. Депуттарын иш кундору келбейтко ишке. 1 айда бир жолу келет болду. Кыйратпайт бул деп алдын ала айтып. Эмне козу ачыксынарбы? Эми ишке келдиго башталышы жаман эмес. Азамат деп стимул берип коёлуда. Конулардан б.к келбейт жазып коюштан башка. Кичине ичинерди кенен кылып жакшы создорду жазып коё бергиле. Жакшы соз жазсанар эч ким акча албайт. Же жамандаганынарга берип жатабы?
+9
Samat777
2018-11-08 22:50:19
Adi.Avazbekov,Сапарды байдын баласындай мактап аттынар эле эмне кылды. Муну да мактап кирдинер. Кичине бир жыйынтык чыккандан кийин айтыш керек. Кошоматтын да чеги болот.
-5
Gulnyr19
2018-11-08 22:32:13
Мен бул азаматыбызга 200% ишенем иштеп кетишине
+8
Samat777
2018-11-08 22:51:01
Gulnyr19, ишенбей тууур.
-6
bekov01
2018-11-09 15:39:48
Бул адамдын буга чейин деле адамдык сапаттарын баалайм. Егер ушул бойдон озгорбосо Кыргызстанды дагы коп ийгиликтерге жеткизет деп ишенем
+2
anonymous
2018-11-09 17:39:47
Буттан кармап ылдый тартмай башталат экен да
-1
mirkaa5182
2018-11-27 15:05:22
Азамат Улукбек Кочкоров ушунтип иштеп жүрө бериң, элдин ишениминен чыкпай, келген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып иштеп калың...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан