КСДП фракциясына партиянын саясий кеңешинен Иса Өмүркулов боюнча чечим тууралуу кат келди. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, депутаттар азырынча чогула элек. Бекешев бул маселе талкуулана турганы белгисиз экенин айтты.
Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан.
31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган. Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп атаган.