Орусияда дарыгерлер кемпирдин ооруган бутун эмес, башка бутун кесип салышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып, тергөө комитети тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилешкен.
Маалыматка ылайык, бейтап Мария Дронова Орусиянын Воронеж облусунда жашаган, ал бир топ жыл мугалим болуп иштеп, "Эмгек сиңирген мугалим" деген наамга ээ болгон. Анын оң бутунун таманы ириңдей баштаганда уулу шашылыш түрдө операция жасатуу керек экенин айтып, ооруканага кайрылган.
"Дарыгерлер операция жакшы өткөнүн айтышкан. Бирок уулу апасын көрүү үчүн кирип, анын ириңдебеген буту кесилип турганын көргөн. Бейтаптын буту санына чейин кесилген", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, мындан кийин дарыгерлер Дронованын 2 бутун тең кесүү керектигин айта башташкан. Анын уулу апасынын оң бутундагы таманы ириңдеп кеткенин аныктаган бейтапкананын кагаздары операция жасалган ооруканадан жок болуп кеткенин айткан. Андан кийин ал полицияга арыз менен кайрылган.
Тергөө комитети учурда бул жагдайга тиешелүү бардык адамдарды суракка алып жатышканын маалымдашкан. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.