Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек мэри Азиз Суракматовго жылуулук тармактарынын түтүгүнүн жарылуу кесепеттерин жоюуда балдар хосписине көмөк көрсөтүү үчүн жыйынтык чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы борбордук муниципалитетке балдар хосписине авария кесепеттерин жоюуда бардык тийиштүү көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Социалдык түйүндүн колдонуучусу 8-ноябрда, эртең менен ысык суу кеткен түтүк жарылып имараттын биринчи кабатын жана жер төлөсүн суу каптаганын жазган.