"Орусиянын Воронеж облусундагы оорукананын дарыгерлеринин айтымында, улгайган бейтап эки буту тең жабыркап кайрылган, мындан улам дарыгерлер анын бутун дарылоону этап-этабы менен жүргүзүүнү туура көрүшкөн", - деп жазылат орусиялык басылмаларда.
Буга чейин аталган облустун жашоочусу "Дарыгерлер апамдын ириңдеген бутун эмес, соо бутун кесип салышты" деген арыз менен полицияга кайрылгандыгы маалымдалган эле.
"Бейтап 89 жашта, анын бул курагын эске алып операцияны этап-этабы менен жүргүзүүнү чечкенбиз. Биринчи бир бутун, кийин экинчи бутун кесүү туура болчу" дешкен дарыгерлер. Ал эми аймактык саламаттыкты сактоо департаменти эки буту тең жабыркаганын, сол буту кан айлануунун өтө начарлыгынан бейтаптын өмүрүнө көбүрөөк коркунуч жаратканын билдирген.
"Мындан улам дарыгерлер консилиумда анын сол бутун кесүүнү чечишкен. Операция жүргүзгөн №3-шаардык оорукананын хирургдарынын ишине соттук-медициналык экспертиза баа берет. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деген департамент башчысы.
Ал эми бейтаптын уулу Андрей Дронов мындай маалыматтарды четке кагып, "Тез жардам" кызматын чакырганда анын оң буту ириңдеп кеткенин аныкташканын айткан.
"Андан кийин биз шаардагы №2-ооруканага барганбыз. Ал жактан апамды кабыл алышпаганы менен, оң бутун кесүү керектигин айтып, аныктама жазып беришкен. Учурда апамдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө", - деген ал.