АКШда кичинекей кызды өлтүрүп, андан соң этин жемекчи болгон жаранды полиция колго түшүрдү

21 жаштагы Александер Натан Бартер аттуу жаран жөнөкөй интернет колдонуучулардын жашыруун сайтына өзүнүн билдирүүлөрүн жарыялаган. Аталган билдирүүдө ал кичинекей кызды өлтүрүп, зордуктап андан соң аны жегиси келип атканын жазган. Бул тууралуу АКШлык KTRE9 маалымат булагы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Бартер ага бул ишке жардам бергиси келгендер үчүн өзүнүн жашыруун электрондук даректерин калтырып кеткен. Ал дарекке полициянын жашыруун агенти жооп кайтарып, курмандык катары өзүнүн кичинекей кызын сунуштаган. Бартер агенттен кызы тууралуу сурап, аны болжондонгон күнү мейманканага алып келиш керектигин айткан. Ал эми жашыруун агентке кызы дайынсыз жоголуп кетти деп маалымат жайылтууну сунуштаган.

Белгиленген күнү Натан Бартер мейманканага келген. Аны ал жакта полиция кызматкерлери тосуп алышкан. Колго түшкөн кылмышкер өзү менен кошо бычак жана таштанды салуучу баштык ала келгени белгилүү болгон.

"Натан Бартердин иши боюнча тергөө амалдары жүрүп, ал көрсөтмө берүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2018-11-12 12:55:37
Кудай сактай кор!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан