Туристтер үчүн 2030-жылга чейин эң популярдуу боло турчу мамлекет аталды

"Euromonitor International" компаниясы изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында 12 жылдан соң Кытай туристтер үчүн дүйнөдөгү эң популярдуу өлкө болорун аныктады. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.

Адистердин билдирүүсүнө таянсак, Кытай Азия өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны менен башка өлкөлөрдү артка калтырып, туристтер эң көп келген өлкө аталат. Азыркы тапта Кытай бийлиги өлкөнүн аймагына кирүү үчүн визаны алуу жолдорун жөнөкөйлөштүрүүдө.

Ошондой эле Кытай туристтер эң көп чыккан мамлекеттердин да сап башында туруп калышы да толук ыктымал. Изилдөөчүлөрдүн баамында, 2030-жылы Кытай бул жаатта АКШ менен Германияны басып өтөт. Муну менен бирге эле 2019-жылы ички туризмдин саны быйылкы жылга салыштырмалуу 42,2 пайызга жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан