Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын жалмап кетти (сүрөт, видео)

Калифорниянын түндүгүндөгү токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын күлгө айлантты. Маалыматты Sacramento Bee гезити жазды. Өрт бейшемби күнү эртең менен башталган. Акыркы маалыматтарга таянсак, өрт болжол менен 8 миң гектар жерди каптаган. Жергиликтүү маалымат агенттиктеринин жазганына караганда, миңдеген үйлөр күйүп кеткен.

"Шаар толугу менен жалынга капталган. Бул абдан коркунучтуу көрүнөт экен", - дейт кырсык болгон жерден үй-бүлөсү менен эвакуацияланган шаардык кеңештин мүчөсү Скотт Лоттер.


Шаардык бийлик жарыялагандай, жергиликтүү калк толугу менен эвакуацияланууда. Алар жалпысынан 27 миң адам. Шаардан чыгып кетип жаткан унаалардын тыгынынан улам жөө кетип жаткан адамдар да бар. Paradise Post басылмасы унаалар тыгынында калган кош бойлуу аялдын ошол жерден толгоосу башталганын жазды. Ошондой эле эки адам күйүктөн жаракат алган. Акыркы маалыматка таянсак, Бьютт округунан жалпы 50 миңдей калк башка жакка чыгарылды.

Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2018-11-09 13:48:58
Мына тилсиз жоо, Аллахдан келген белги,топтогон байлыгың да бир заматта күлгө айланат.Акыретти унутпай аркы дүйнөгө үй салалы туугандар.Аллах бизди сактасын ушундай апааттардан.
+19
sinej
2018-11-09 15:55:17
madina.87,
Аллахтын эч кандай тиешеси жок. Жомокту айтпачы. Мечиттер деле ортонуп жатат. Ал дагы Аллахтын жазасыбы. Диндин буга тиешеси жок.
-7
Eldar6724
2018-11-09 14:18:58
Парадайс хеллге айланыптырго
+1
aibars
2018-11-09 14:38:59
Eldar6724, коркунучтуу, хелл файе болгон экен парадайсы.
+3
interpol
2018-11-09 14:31:41
Канчалаган мусулмандардын өлүмү, канчалаган мусулмандардын кыйраган шаарлары, көз жаш азап тозогу үчүн жооп. Бул башталышы гана, жер жутуп кетседа аздык кылат АКШыны
+2
Aikaaaa
2018-11-09 21:31:38
Бул жерде эмнеге аллах, эмнеге мусулмандардын көз жашы, таң калычтуу. Ал жерде да мусулмандар бар. Как бутто динине карап кырсык болуп аткандай сүйлөп коёсуңар. Мусулмандар эле жыргап аткандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан