Бокс боюнча Дүйнөнүн беш жолку чемпиону Феликс Савон камакка алынды

Бокс боюнча Дүйнөнүн 5 жолку, олимпиаданын 3 жолку чемпиону, кубалык мушкер Феликс Савон жашы жете элек өспүрүмгө ыплас аракеттерди жасаган деп айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 51 жаштагы мушкерге 12 жаштагы өспүрүм баланы зордуктоого аракет кылган деген айып тагылып, ушул жылдын сентябрь айында абакка отурган. Ал буга чейин дагы ушундай иш-аракеттерди жасагандыгы маалым болгон. Бирок Куба мамлекети белгилүү спортчунун имиджин сактап калуу үчүн буга чейинки күнөөлөрүн ачыкка чыгарбай, жашырып келген.

Учурда өлкө бийлиги мушкерди күнөөсүз деп табуу үчүн бул ишке аралашып жатканы жазылат маалыматта.

Феликс Савон 1992-жылы Барселонада, 1996-жылы Атлантта жана 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында жеңүүчү болгон. Мындан тышкары Дүйнө кубогунун 3 жолку, Олимпиада орденинин ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirlanpiter
2018-11-10 12:51:03
Бычып салуу керек , рингге чыгып жүрө берет
+3
Muslim_KGstana.
2018-11-10 15:11:34
mirlanpiter,ха ха туура/андан башка вариант жок/трамва жей берип кетип калган окшойт крыша.
0
Kymbatym
2018-11-11 08:32:27
карера деп жүрө бербей убагында үйлөнбөйт беле?мээсине тээп кеткенде жаш балдарга асылбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан