Америкалык белгилүү модель Ким Кардашьян жана анын жолдошу, рэпер Канье Уэст Калифорния штатындагы өрттөн улам эвакуацияланды. Бул тууралуу Ким Кардашьян социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"Мен үйдөн документтерди жана баалуу буюмдарымды алып чыгып кетүү үчүн 1 саат эле убактым болду. Кырсыктан эч ким жабыркабаса экен деп дуба кылам. Өрт өчүрүүчүлөргө терең ыраазычылыгымды билдирем", - деген ал өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Калифорниянын түндүгүндөгү токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын күлгө айлантты. Өрт бейшемби күнү эртең менен башталган.
Шаардык бийлик жарыялагандай, жергиликтүү калк толугу менен эвакуацияланууда. Алар жалпысынан 27 миң адам. Шаардан чыгып кетип жаткан унаалардын тыгынынан улам жөө кетип жаткан адамдар да бар. Paradise Post басылмасы унаалар тыгынында калган кош бойлуу аялдын ошол жерден толгоосу башталганын жазды. Ошондой эле эки адам күйүктөн жаракат алган. Акыркы маалыматка таянсак, Бьютт округунан жалпы 50 миңдей калк башка жакка чыгарылган.