Бишкектеги Ботаникалык бактан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, азиат түспөлүндөгү жарандын жансыз денеси кечээ, 9-ноябрда табылган. Денеде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес. Маркумдун ким экендиги аныкталды.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери башталды.