Сириянын Латакия шаарында бир эле убакта 550 түгөйдүн үлпөт тою болуп өттү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар уюштуруучулардын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жаштардын тою Латакия шаарындагы салтанат үйлөрүнүн биринде белгиленген. Үйлөнүп, турмушка чыккан 1100 жаштын арасында Сирия армиясында кызмат өтөгөн жоокерлер, согуш тааласында каза болгон жоокерлердин туугандары жана Сириядагы согуштан жаракат алгандар болгон.
Маалым болгондой, Сирияда массалык үйлөнүү үлпөт тою быйыл 6-ирет уюштурулуп жатат.