Мода дүйнөсүндөгү эң негизги жана масштабдуу иш-чаралардын бири "Victoria's Secret Show-2018" мода көргөзмөсү кечээ, 9-ноябрда Нью-Йоркто болуп өттү. Ич кийимдерди чыгарган бренд бул жылдагы көргөзмө үчүн 12 миллион доллар сарптаган.
"Victoria's Secret`тин" периштелери дизайнер Мэри Катранзунун колунан жаралган ич-кийимдер топтомун дүйнөнүн булуң-бурчунан келген көрүүчүлөргө көргөзүштү.
Салтка айлангандай эле көрүүчүлөргө эң кымбат баалуу ич кийим көрсөтүлдү. Бул ич кийимди сахнага швециялык модель Эльза Хоск кийип чыккан. Ич кийим кымбат баалуу таштар менен, тагыраагы, аны кооздоо үчүн 2100 даана бриллиант ташы сарпталган. Эксклюзивдүү ич кийимдин баасы 1 миллион долларды түзөт.
Ал эми бразилиялык 37 жаштагы модель Адриана Лима "Victoria's Secret`тин" периштеси катары сахнага акыркы жолу чыкты. Ал сахнага чыкканда көзүнүн жашын тыя албай, моделдик карьерасын эстеди.
"Мага дүйнөнү таанытканыңар үчүн рахмат! Эң башкысы - мага канат берип, бийиктикке карай учканды үйрөттүңөр", - деген ал. Адриана Лима алгачкы жолу 1999-жылы "Victoria's Secret`тин" көргөзмөсүнө катышып, ошондон бери алмаштыргыс периштелердин катарын толуктап келген.
Өткөн жылы ич кийимдерди чыгарган бренд уясынан Алессандра Амбрассиону учурган.
Эске салсак, "Victoria's Secret Show-2017" мода көргөзмөсү 20-ноябрда Кытайдын Шанхай шаарында өткөн.