Жалал-Абаддагы журналистке бычак сайган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. Иш факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде козголду.
Буга чейин милициядан бул окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз түшпөгөнү кабарланган. Ошондой эле окуя өндүрүшкө каттоого алынып иш козголо электиги айтылган.
Эске салсак, Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак сайган. Жабыркаган журналистке медициналык жардам көрсөтүлүп колундагы жаракаты тигилген. Ал интернеттеги социалдык тармактардын биринде канал ачып, анда журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.