АКШнын президенти Дональд Трамп 41 жыл мурда каза болгон музыкант Элвис Преслини жогорку даражадагы медаль менен сыйлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Дональд Трамп жогорку сыйлыкка 7 белгилүү инсанды татыктуу деп тапкан. Алардын арасында музыкант Элвис Пресли дагы болгон. Элвис Пресли АКШнын маданиятына кошкон салымы, чыгармаларынын сатылышы, тасмалардагы ролу үчүн "Эркиндик" медалын алууга татыктуу деп табылган. Ошондой эле ал атактуулугу артып турганда аскерде 2 жыл кызмат кылгандыгы жогору бааланган.
Ал эми президенттин "Эркиндик" медалы менен сыйлануучулардын арасында миллиардер Шелдон Адельсондун жубайы Мириам, бейсболчу Бейб Рут-кичүү, сенатор Оррин Хэтч бар.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи 16-ноябрда өтөт.
Белгилей кетсек, "Forbes" журналы көзү өтсө да чыгармачылыгы киреше алып келип жаткан адамдардын тизмесин жарыялап, анда Элвис Пресли экинчи орунда экендигин маалымдаган.