Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын кайтарып жаткан Аксы күзөт кызматынын кызматкерлерине 6 айдан бери айлык акы бериле элек. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.
"Суу сактагыч - кайтарууга алынган стратегиялык объект. Ал Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилгенден кийин 2018-жылдын июнь айынан тарта аны кайтаруу Аксы күзөт бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлгөн. 10 күндөн алмашып экиден адам барып кайтарууга алат. Кызматкерлерге ал жакта шарт каралган эмес. Тамак-аш жасап ичүүгө ыңгайы жок. Электр жарыгы өчсө, ачка калышат. Айлык болсо 6 айдан бери бериле элек. Ошол жерде 10 күн жашап келүү үчүн азык-түлүккө өз жандарынан акча чыгарышат. Кайтарууга ала турган 2 взвод бар. Аларга башында суу сактагычты кайтарганы үчүн кошумча акча төлөп берилери айтылган", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.