Белгилүү мадам Тюссо музейинде белгилүү ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун момдон жасалган фигурасы коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Макгрегордун фигурасы эрежесиз эр урушка катышкан мушкерлердин арасынан экинчи болуп коюлду. Буга чейин музейде UFC`нин мурдагы чемпиону Чак Лидделлдин фигурасы орнотулган.
Адистердин айтымында, октябрь айында Лас-Вегаста өткөн беттеште Конор Макгрегордун Хабиб Нурмагомедовго утулуп калганына карабастан анын популярдуулугу арткан.
Мадам Тюссо музейи – момдон жасалган фигуралардын музейи. Атактуу адамдардын тулку бою, кебетесинин көчүрмөлөрүн көрүүгө көп туристтер кызыгышат. Музей 200 жыл мурун скульптор Мария Тюссо тарабынан түзүлгөн. Дүйнөнүн 20дай шаарларында филиалдары бар.