АКШда дарыгерлер шишик экен деп бейтаптын бөйрөгүн алып салышты

Америкалык Морин Пачеко шишик ордуна анын бир бөйрөгүн алып салган дарыгерди сотко берди. Бул тууралуу Palm Beach Post басылмасы жазууда.

Маалыматка караганда, 51 жаштагы Флорида штатынын жашоочусу көп жылдардан бери бели ооруп, жабыркап келген. Ал мурда жол кырсыгына кабылып мындан улам сынган бел сөөктөрү туура эмес бүтүп калган. Дарыгерлер ага операция жасоо керектигин айтышкан.

Операция учурунда хирург Рамон Васкес аялдын бир бөйрөгүн шишик экен деп ойлоп кесип салган. Бир айдан кийин патологоанатом кесип алынган орган эч кандай оорудан жабыркабагандыгын жана өз нугунда иштеп жаткан орган болгондугун билдирген.

Флориданын Саламаттыкты сактоо департаменти Васкеске каршы арыз берген. Арызда чыгарылган диагноз бейтаптын абалына дал келбегендиги жазылган. Бул окуядан кийин хирург өзүнүн медициналык тастыктамасынан ажырап 250 миң доллар айып төлөшү ыктымал экендиги маалыматта жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2018-11-12 12:37:18
Биздикилер эле ушундайго десең, өнүккөн өлкөдө да бар экенда, ишин билбегендер!
+3
Suzak12
2018-11-12 13:02:47
Кече эле орустар бироонун таза бутун кесип салды эле буларда мындай болуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан