"Alibaba Group" интернет дүкөнү 85 секунданын ичинде 1 миллиард доллар киреше таап, рекорд жаңылады

Дүйнөдөгү эң ири интернет-дүкөн аталган кытайлык "Alibaba Group" компаниясы онлайн сатуу боюнча дүйнөлүк жана мурда өзү койгон рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Андагы маалыматтарга караганда, дүйнөлүк рекорд компания тарабынан 2009-жылдан бери белгиленип келе жаткан "Бойдоктор күнүндө" жаңыланган. Аталган күнү акция жүрүп, бардык товарлар арзан баада сатылат.

Акциянын алгачкы 85-секундундасында компания 1 миллиард доллар киреше тапкан. Ал эми бир сааттын ичинде киреше 10 миллиард долларга чыккан. Кирешенин көлөмү бир нече саттан кийин компаниянын 2017-жылдагы рекордун жаңылап, 25 миллиард 700 миң долларга жеткен.

Натыйжада "Бойдоктор күнүндө" жалпы 30 миллиард 800 миң доллар пайда таап, жаңы дүйнөлүк рекорд жаралган.

Адистердин айтымында, "Бойдоктор күнү" АКШда "Кара жума" деп аталчу акцияга караганда кирешелүү болуп саналат. Ал жакта 180 миңден ашуун бренддин продукциялары сатылат.

"Бойдоктор күнү" 11-ноябрь күнү белгиленет. Бул күнү Кытайда бойдоктор өзүнүн эркин экенин даңазалоо үчүн достору менен майрамдап, айрымдары бойдокчулук менен коштошуу максатында таанышуу кечелерине барышат. Акыркы мезгилдерде ар жылы ноябрь айынын 11-датасында соодагерлер товарларын сатып түгөтүү максатында бааларды арзандатуу тенденциясын киргизип алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim_KGstana.
2018-11-12 15:05:03
Ухууууу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан