"Microsoft'тун" негиздөөчүсү миллиардер Билл Гейтс анын жашоосун өзгөрткөн 4 китепти атады

"Microsoft`тун" негиздөөчүсү миллиардер, филантроп Билл Гейтс жашоосуна жана ойлоруна таасир эткен китептердин арасынан 4 китепти өзгөчө белгиледи. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазды.
Миллиардердин ою боюнча, биринчи орунда Вацлав Смилдин "Энергия жана цивилизация: тарых" аттуу китеби турат. Аталган китепте энергияны колдонуу жана экономикалык өсүш тууралуу жазылган. Гейтс Смилдин 2017-жылы жарык көргөн 36 чыгармасын тең окуп чыкканын кошумчалаган.
Экинчи китеп Стивен Пинкердин калемине таандык "Бүгүнкү агартуучулук" деп аталат. Бул эмгекте адамзатынын өсүп-өнүгүшү жөнүндө сөз болуп, адамдардын саламаттыгы тууралуу айтылат.
Ал эми үчүнчү китеп "Фактуалдуулук: дүйнө тууралуу жаңылыш ойлонуунун 10 себеби жана эмне себептен бардыгы бизге сезилгенден дагы жакшы" деп аталат. Бул китепти статистика жана саламаттык боюнча адис Ханс Рослинг жазган. Автор дүйнө тааным тууралуу калыптанып калган стереотиптер жөнүндө сөз кылат. Аталган китепти Гейтс мектеп бүтүрүүчүлөрүнө сунуштаган.
Төртүнчү китеп "Sapiens: адамзаттын кыскача тарыхы". Билл Гейтстин айтымында, израилдик тарыхчы Ювал Ноя Хараринин бул эмгеги аны бакыт жана адамдардын өзгөчөлүктөрү тууралуу ойлонууга түрткү берген.
Билл Гейтс - "Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү, учурда дүйнөнүн эң бай адамы. Америкалык Билл Гейтс Сиэтлде туулган. Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырган. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок.
Билл Гейтс студент кезинде "M.I.T.S." компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип Гейтс улуу “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fortuna1987
2018-11-12 16:26:53
Реклама да акшы нерсе.
+2
bibi87
2018-11-12 20:59:14
Супер инфо орусча аталыштарын дагы жазып койсонор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан