Трамп, Макрон, Путин, Меркель... Парижде дүйнө лидерлери Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгын белгилешти

11-ноябрда Франциянын борбору Париж шаарында дүйнө лидерлеринин катышуусунда Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага АКШнын лидери Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана башка өлкө башчылары катышты.

"Дүйнө лидерлери 2 саатка созулган түштөнүү учурунда бир нече маанилүү маселелерди талкуулашты. Алардын катарында өзөктүк келишим, соода-сатык, санкциялар, Сириядагы абал, Ооганстан, Кытай, Түндүк Корея боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү", - деп жазышты басылмалар.

Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылдын 28-июлунда башталып, 1918-жылдын 11-ноябрында аягына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2018-11-12 14:38:28
Ali-han,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Juni1
2018-11-12 22:55:04
Суротто бардыгы эле Трамп менен Путиндин учурашып жатканын кызыгып карап турушуптур го)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан