Премьер-министр: "2019-жылы ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 4 пайыздык деңгээлде болжолдонууда"

"2019-жылы ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 4 пайыздык деңгээлде болжолдонууда, ал экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат", - деп бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 520 миллиард 9 миллион сом болду, ал эми экономиканын реалдуу өсүү темпи 3,5 пайыздык болжолдуу көрсөткүчтө 4,6 пайызды түздү.

"2018-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башкы себеби өлкөнүн макроэкономикалык болжолунун такталышы менен балансталган бюджеттин маселелерин чечүүгө жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы түзүлгөн тенденцияларга байланыштуу болду. Жаңыртылган 2018-жылдын бюджетинин негизинде ички дүң продукциянын көлөмү 558 миллиард 4 миллион сомду түзүп, өсүш 2,8 пайыз менен бекитилип жатат. 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 миллиард сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат. Бул бекитилген бюджеттен 1 миллиард 1 миллион сомго көптүк кылат. Администрациялоону жакшыртуунун эсебинен: салыктык кирешелерди 2,7 миллиард сомго көбөйтүү болжолдонууда. Буга катар өкмөттүн иши аймактарды өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт тарабынан өткөн жылы бюджетке кирбей калган бир катар социалдык жактан маанилүү жана актуалдуу иш-чараларды кошумча каржылоо зарылдыгы турат.

"Өкмөттүн айлык акы, жөлөк пул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр сыяктуу корголгон беренелери боюнча милдеттенмелери өз убагында толук көлөмдө каржыланат. Бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер 2018-жылдагы бюджеттин тартыштыгын ички дүң продукцияга карата 2,7 пайызга азайтууга мүмкүндүк берди. Акчалай чегерилишин алсак: дефицит 20 миллиард 3 миллион сомдон 15 миллиард 2 миллион сомго чейин азаят", - деди өкмөт башчы.

Жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан