Чоң-Алайдагы ак илбирс, аюу, тоо эчки сыяктуу жаныбарлардын фотокапканга тартылып калган сүрөттөрү жарыяланды

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Ош облусунун Чоң-Алай районунда орнотулган бир нече аймактардагы фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялады. Тараша, Миң-Теке, Текелик, Шибе аймактарында жашаган ак илбирс, аюу, тоо эчки, суур, түлкү сыяктуу жаныбарлар фотокапканга сүрөткө түшүп калышкан. Фотокапкандар 2018-жылдын июль айында орнотулган.

Сүрөттөргө карап, аталган аймактарда жапайы жаныбарлардын жана жырткычтардын көп түрү жашаарын көрүүгө болот.

"Мурда жапайы жаныбарлар, алардын ичинен айрыкча ак илбирсти сүрөткө тартып алуу дээрлик кездешпей турган көрүнүш болчу. Эгер 15 жыл мурун илбирс тукумунун жок болуп баратканын коркунуч менен эскертип келсек, бүгүнкү күндө алардын мурда жашаган аймактарга кайтып келе баштаганын билсек болот", - деп жазылат маалыматта.

Жогоруда саналган аймактар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү эл тарабынан 2015-жылдан тартып коргоого алынып келет.

Кыргыз өлкөсүндө ак илбирсти аткандар үчүн 500 миң сом, күрөң аюу, бугу (марал), жейрен, кулжа (аркар) аткандар 400 миң сом, бүркүт атуу үчүн 25 миң сом, улар аткандар 14 миң сом, тoo эчки аткандар 55 миң сом, бөкөн үчүн 20 миң сом, чөл түлкүсү, түлкү атса 2000 сом айып пул төлөшөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
zhanybekov030303
2018-11-12 17:56:17
Кыргызстаным менин) суйом сени сенде баары бар таза аба, суу, тоо, жапайы жандык, жайлоо, жана ошондой эле коррупция
+28
Aza17
2018-11-12 19:14:41
zhanybekov030303, ошондой эле таза коррупция
+7
TGA
2018-11-12 18:20:13
Ушул жерлерде осуп чонойдукго. Баары Сонун
+3
ekaterinburg
2018-11-12 18:28:01
Кыргыз аюусу))Чынын айтсам биздеги аюуну биринчи корушум.
+8
Alia82
2018-11-12 18:29:20
Сонун дегенден башка соз жок
+6
Dembele84
2018-11-12 18:35:40
Айланайын берекелуу кыргыз жерим!!!
+8
barsbegKG
2018-11-12 19:09:08
Абдан сонун көрүп кадимкидей кубанасың. Көздүн карегиндей сактоо керек!!!
+10
Bars88
2018-11-12 19:16:13
Ото кооз сонун.Бул суротту биздин бок курсактар коруп алып уктай албай калышатго.Барып атыш керек деп
+11
tular
2018-11-13 02:57:10
Bars88, менда ошону ойлодум. Лицензия алып барып атып салышпаса болушту эми...
+8
Kymbatym
2018-11-13 08:10:17
интернетке чыгарбай эле коюшпады да ач көз жеп тойбосторубуз эми барып коруктуу жаныбарлардан тазалап таштабаса болду буларды көздүн карегиндей сакташ керек жогорудан төмөнгө карап кеткендеги 12-сүрөттөгү кандай жаныбар эч сүрөтүн да көрбөгөн экем куйругунун учу кара жүнү өскөн башкача жаныбар го
+3
PROS
2018-11-13 08:25:33
Kymbatym,ал кадимки эле суур.
0
PROS
2018-11-13 08:53:23
Чоң Алай өрөөнүндө мен көргөн жаныбарлардан илбирс, күрөң аюу, карышкыр, түлкү, тоо теке, сүлөөсүн, суур, кашкулак, ачкүсөн, коён, кундуз, суусар, арс чычкан, чычкандын бир нече түрү бар. Мурда эчкиэмер бар имиш экен эле бирок мен көргөн эмесмин. Канаттуулардын элүүдөй түрү бар. Жылан, бака, ташбаканын бир нече түрү бар. Эчки текени көбүнчө органдын адамдары атышат болчу, азыр билбейм кандай болуп калган. Менин айылдан алыста жүргөнүмө 15 жылдан ашыптыр.
+3
salimbek87.kg
2018-11-13 09:11:49
Жаныбарлар үчүн селфи
+4
kechirmeni
2018-11-13 10:01:58
Туугандар киши кийик (снежный человек)тууралуу кимде маалымат бар. Тоолуу адам буту баспаган аймактарда кездешет экен жана озун, издерин коргондор бар экен, ошол тууралуу билгендер болсо айткылачы. ХХХХХХХХХХ
+1
Take_men
2018-11-13 11:08:59
kechirmeni, 1982 жылы Чоң Алайда мергенчи албарстын атып алган деген имиш бар эле. Атам аскер адамы эле эч кимге айтпа деп апама айтканын уккамын. Мен анда 2 класста элем. КГБ дан орустар келип вертолет менен жүктөп кеткен деген. Азыр атамдын көзү жок. Унутта калып кызыгып сураган эмес экенмин. Алайлыктардан сураштырып керек го
0
Janna07
2018-11-13 19:03:34
Take_men,китеп болуп жазылган эмеспи ушул окуя, бир жапайы кишини вертолет менен алып кеткен деп жазылатта ошол китепте, китеп аты жапайы киши болсо керек эле
0
Take_men
2018-11-13 11:10:54
kechirmeni,киши кийикти Орто Азияда алмасты деп койот го
0
kechirmeni
2018-11-13 12:24:08
Take_men, Албарсты деген жин болуш керек. Ал эми ал (киши кийик)реалдуу эле жаныбар дешет го
0
admin_superstan
2018-11-13 12:47:49
kechirmeni, курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат! БАНга!
0
Rifle_I
2018-11-13 11:52:18
Эми каерде жүргөнүн билип алды башкалар. Жакшылап караш керек браконерлерди.
+1
kechirmeni
2018-11-13 12:44:40
temirov76
2018-11-13 19:39:46
kechirmeni,эми мунун калганыны кайдан тапсак болот?
0
Samat777
2018-11-13 17:26:29
Ииий ушунун баарын капканга тушуруп алышыптырбы. Убалынан корккула. Олот да эми алар буттары сынып тамак таап жей албай
0
Kgda
2018-11-13 18:48:56
Samat777, капканга тушкон жок сурот капкан деп койот, фотоапарат жанына келгенде автоматтык турдо суротко тартып алат, кайгырып капа болбо жаныбаоларын эч жери сынбай эркин эле журот.
+1
Kgda
2018-11-13 18:51:10
Мен могу сулоосун менен ильбирсти барып атып келсемби тээрисин сыйрып сатып. Анан бир теке шашлык пашлыка.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан