Австралияда кулпунай фермасынын 50 жаштагы кызматкери камакка алынды. Ал кулпунай мөмөлөрүнө атайылап ийне салып чыкканы үчүн күнөөлөнүүдө. Маалыматты чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Белгилүү болгондой, Австралияда сентябрь айынан баштап мөмөлөрдүн ичинен ийнелер табылып келген.
Вьетнамдык Ми Ут Чинь аттуу 50 жаштагы аялга азыктарды атайылап зыяндуу кылып келген деген айыптын 7 пункту боюнча күнөө тагылууда. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылуусу күтүлүүдө. Сот анын баш коргоо чарасын карап үй камагына коё берүүдөн да баш тартты. Анын үстүнө андан өч алыш үчүн өмүрүнө коркунуч жараткандар да чыгышы мүмкүн деген божомолдор бар.
Ми Ут Чинь Австралияга 20 жыл мурун Вьетнамдан кайык менен келген. Буга чейин ал Квинсленд штатындагы кулпунай өстүрүүчү фермалардын биринде көзөмөлдөөчү болуп иштеп келген. Courier Mail басылмасы аталган ферма "Berry Licious", "Berry Obsession" бренддери менен кулпунайларды өндүрүп келгенин жазды. Дал ушул бренддердин мөмөлөрүнүн ичинен ушул жылдын сентябрь айынан тарта ийнелер табылып келген.
Ми Ут Чинь бул ишти өзү иштеген фермага зыян келтирүү максатында жасаган. Ал тергөөдө компанияны жок кылууну жана жакырдантууну көздөгөнүн айткан. Аял кимден өч алуу үчүн бул ишти кылганы азырынча белгисиз.
Квинсленд штатынын жана Батыш Австралиянын бийлиги "азык-түлүк терроризмин" уюштурган адамдар тууралуу маалымат билгендерге жана айткандарга 100 миң доллар сыйлык ыйгарарын жарыялаган. Эл кулпунай сатып алууну токтотуп, соода түйүндөрү суроо-талап кескин түшүп кеткендигине байланыштуу текчелердеги бардык мөмөлөрдү алып салган. Австралиядагы Woolworths аталышындагы ири соода түйүнү сатыктан бир эле кулпунайды эмес, ийне сатууну да алып таштаган. Өлкө боюнча кулпунайдан түшкөн каражат миллиондоп зыян тарткан. Кулпунайга болгон дүң баанын көлөмү 50-60 пайызга түшүп кеткен. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон "азык-түлүк терроризмин" балдар порнографиясын сактоо жана терроризмди каржылоо кылмыштары сыяктуу коркунучтуу деп баалады. 20-сентябрда өлкөнүн бийлиги азык-түлүктү атайылап зыяндуулуукка алып келген адамдардын түрмөдөгү абак мөөнөтүн 10дон 15 жылга чейин узарткан.