Жогорку Кеңештин комитетинде 2018-жылдын республикалык бюджетине болгон түзөтүүлөр жактырылды

Кечээ, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде 2018-жылдын республикалык бюджетине болгон түзөтүүлөр жактырылды.

Анда “2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жана “2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

Абылгазиев республикалык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, былтыркы жылдын бюджетинин параметрине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги факторлор катары 2018-жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөр болду. Маселен, бюджеттин аткарылышы, анын киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр жана жаңы социалдык жактан маанилүү болгон демилгелердин кабыл алынышы болду. Ошону менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев келерки жылдын бюджети боюнча мыйзам долбоору республикалык бюджеттин узак мөөнөткө туруктуу болушун камсыздоо жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын соңунда жогоруда аталган мыйзам долбоорлору жактырылды. Комитет төрагасы Эмил Токтошев талкууда айтылган бардык сунуш-пикирлер каралып, мыйзам долбоорунун 2-окууда кароодо жалпыланып эске алына турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан