Австралияда чоң энелер үчүн балет мектеби ачылды. Ага катышкан улгайган аялдардын буттары оорубай калды

Австралияда чоң энелер үчүн балет мектеби иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, ага катышып жаткан улгайган аялдардын кан басымынан маселе жаралбай, буттагы муун оорулары жоголгон. Бул мектепке 60 жаштан жогорку курактагы аялдар кабыл алынат.

"Балериналар" алгачкы күндөрү аларга көнүгүүлөрдү аткаруу оор болуп жатканын айтышкан. Бирок кийинчерээк бийлөө - шаңдуу алектенүүгө айланган. Күндөн күнгө саламаттыгы жакшырып, кан айлануу да нормалдашкандыктан басыктары мурдагыдай болбой жаш адамдардай басып калгандары бар. Азырынча алар атайын студияда эле бийлеп жатышканы менен, кийин сахнага чыгуудан да тартынбай турушкандыгын билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан