Марвел дүйнөсүнүн жаратуучусу Стэн Ли 95 жаш курагында көз жумду

Жазуучу, көптөгөн комикстердин автору "Марвел" компаниясынын экс-президенти Стэн Ли 95 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жазуучунун жакындары "Тез жардам" чакыртышкан, бирок Ли ооруканага жеткен соң көз жумган. 2018-жылдын февраль айында жазуучу жүрөк оорусунан улам ооруканага түшкөн. Дарылангандан кийин дарыгерлер анын абалы туруктуу экенин айтышкан.

Стэн Ли - көпчүлүк сүйүп, чыдамсыздык менен күтүп көргөн "Жөргөмүш адам", "Халк", "Дарыгер Стрэнж", "Кара пантера" жана башка көптөгөн каармандардын жаратуучусу. Ли жараткан каармандар тууралуу бир нече тасмалар, мультфильмдер тартылып, китептер жазылып, компьютердик оюндар иштелип чыккан.

Стэн Ли (толук аты-жөнү Стэнли Мартин Либер) 1922-жылы 22-декабрда Нью-Йоркто төрөлгөн. Окуучу кезинде көптөгөн гезит-журналдарда иштеген. Гезиттерде алгач кабарчы катары гана эмгектенсе, кийин иллюстрациялык сүрөттөрдү тартууну өздөштүргөн. Окууну бүткөн соң өзү сүйүп жасаган эки жумушту бирдей айкалыштырып, комикстерди жарата баштаган.

Айта кетсек, Стэн Ли Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, "Согуштун баатыры" наамы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umakg
2018-11-13 17:19:38
Баарыбызды ушул жашка жеткирсин жаратканым Ата энелерибизди ошолордун катарында бизди.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан