Apple компаниясынын башкы дизайнери 250 миң долларлык нике шакегин коомчулукка көрсөттү

Apple компаниясынын башкы дизайнери 250 миң долларлык нике шакегин коомчулукка көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Жонни Айв нике шакегинин дизайнын ойлоп чыгып коомчулукка көрсөткөн. Аталган шакектин баасы 250 миң долларга жетет. Айв ювелирдик шакекти дизайнер Марк Ньюсон менен биргеликте ойлоп чыгарышканын билдирген.
"Шакек "RED" фондуна көмөк көрсөтүү үчүн ойлонуп чыгарылган. Сатуулардан түшкөн каражаттын жарымын аталган фонд ВИЧ инфекциясы менен күрөшүүгө жумшайт", - деп жазылат маалыматта.

Айв Apple компаниясынын продукцияларынын дизайнын ойлоп табуу менен гана эмес, электрондук жабдыктар үчүн атайын эмеректерди ойлоп табуу менен да алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан