Аткезчилик жолу менен алып келинген тамекиден улам Орусия 1 жылда 30 миллиард рубль жоготту

Аткезчилик жолу менен алып келинген тамекилерден улам Орусия 1 жылда 30 миллиард рубль жоготту. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү ар бир онунчу тамеки кутусу контрабанда жолу менен алып келинген. Буга өлкөдөгү тамекинин баасынын кымбатташы себеп болууда.

"Чылым чеккен адамдардын санын азайтуу максатында тамекиге болгон салыкты жогорулатуу жана өлкөгө алып кирүүгө чектөө киргизилген. Бирок бул кадам оң таасирин тийгизген жок. Тамеки чеккендер сапаты начар, Орусияга контрабандалык жол менен кирген тамекилерге ыкташууда. Мындай чылымды колдонууда онкологиялык ооруларга кабылуу ыктымалдуулугу жогору болот. Акыркы бир жылдын ичинде аткезчилик менен киргизилген тамекилерден улам мамлекеттик бюджет кеминде 30 миллиард рубль зыянга учурады", - деп билдирген "АКШ-Британия тамеки индустриясы" компаниясынын Орусиядагы жетекчиси журналисттер менен болгон маегинде.

Белгилүү болгондой, бул көрсөткүч кийинки жылы 50 миллиарддан ашуусу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан