"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын статуэткасын жасоого сынак жарыяланды
Бишкекте 7-12-декабрь күндөрү өтүүчү "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" Эл аралык кинофестивалынын статуэткасынын эскизин жасоо үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдиришти. Сынактын жеңүүчүсүнүө 10 000 сом акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле автордун эскизинин негизинде сыйлык катары тапшырылуучу статуэтка жасалып, ал фестивалдын символу болмокчу.