Фракция КСДПнын саясий кеңешинин Иса Өмүркулов боюнча чечимин маалымат толугу менен келгенден кийин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабарлады.
"Фракцияга партиянын саясий кеңешинин чечими толугу менен келе элек. Партиянын жыйынына кимдер катышканы тууралуу маалымат келген эмес. Чечим толугу менен келгенде бул маселе каралат", - деди Өмүркулов.
Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан.
31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган. Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп атаган.