Актёр Брэд Питт жашаган үй тонолгондугу маалым болду

Лос-Анжелестин полициясы америкалык актёр Брэд Питт жашаган үйдү тоноп кеткен кылмышкерлерди издеп жатат. Бул тууралуу NBC News билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, тоноого үч адам катышкан. Алар актёрдун үйүнө терезе аркылуу кирип, баалуу буюмдарды уурдашкан. Окуя 19-июнь күнү түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Тоноо учурунда актёр үйүндө болгон эмес.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышкерлер белгисиз суммадагы жеке буюмдарды уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын так суммасы айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан