Кыргыз балбаны Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшөт.
Кечээ, 12-ноябрда старт алган мелдеште 5 салмак ченинде беттештер орун алган. Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн кыргыз балбаны Балбай Дордоков жарым финалда грузиялык Нугзари Цурцумия менен кездешкен. Беттештин жыйынтыгында, тилекке каршы, Балбай Дордоков 1:2 эсеби менен жеңилүү ызасын тартып калды. Эми Балбай Дордоков Дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшөт.
Дордоков мелдештин жүрүшүндө ирандык Реза Хедрини 4:0 эсеби менен, ошондой эле венгриялык Бенсе Ковацты 9:1 эсеби менен утуп алган.