Кыргыз балбаны Балбай Дордоков жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты

12-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күнү 5 салмак ченинде беттештер өттү.

Кыргыз өлкөсүнөн бул күнү 4 балбан медалдар үчүн күч сынашты. 55 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Балбай Дордоков чейрек финалда венгриялык Бенсе Ковац менен кез келди. Балбай Дордоков 4 мүнөт 20 секунддун ичинде эсепти 9:1 кылып, алдын ала жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Балбай Дордоков мелдештин жарым финалына чыкты.

Буга чейин Балбай Дордоков жарым чейрек финалда ирандык Реза Хедрини 4:0 эсеби менен утуп алган.

77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Тынар Шаршенбеков алгачкы беттешинде молдовалык Александру Бичиу менен кездешип, 12:19 эсеби менен жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edua
2018-11-13 00:40:28
молодец.
0
edua
2018-11-13 01:13:13
финалга чыкпай калдыда грузинге 1-2 ге утулуп калды эми 3-4 казак менен ойнойт
0
madina.87
2018-11-13 05:27:00
Азаматсың укам,сени менен сыймыктанабыз!Балбай менин иним болот (мактанып коёюн).Ардайым элдин уулу болуп жүр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан